Профессор У. Дж. Камбаралиеванын "Кыргыз тили жана адабияты" окуу китеби
19&Բ;сентября&Բ;2025
“Кыргыз тили жана адабияты” окуу куралы БААУнун Президенттик фондунун гранттык колдоосунун алкагында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуу боюнча талаптарына ылайык иштелип чыкты.
Берилген эмгек илимий концепциялардын текстке басым жасалуусу жана интеграциялануусу эске алынган ЖОЖдор үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча биринчи жана жалгыз болуп саналат. Анда интеграциянын объектиси адабият боюнча тексттер болуп, алар өз кезегинде студенттердин кыргыз тили боюнча билимдерин систематизациялоого жана академиялык кат жана расмий-ишкерлик стилин калыптандырууга негиз болуп берет.
Китептин материалы студенттердин чыгармачылык ой-жүгүртүүсүн активизациялоого жана алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө багытталган. Эмгекте адабият, кыргыз элинин тарыхы тууралуу маалыматтар камтылып, бул студенттерде башка маданияттарга толеранттуулук мамилени калыптандырууга өбөлгө болуп, дүйнөдө билим берүүнүн эң маанилүү ыкмасы катары таанылган академиялык каттын принциптери боюнча өз позициясын адекваттуу түрдө билдирүүгө үйрөтөт.
Эмгектин рецензенттери катары өзүлөрүнүн оң ой-пикирлерин төмөнкүлөр билдирген: филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер С. Ж. Мусаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери Н. И. Ишекеев, филология илимдеринин доктору, профессор, КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Эл аралык Ч. Айтматов академиясынын академиги, КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү Б. Ш. Усубалиев, филология илимдеринин доктору, профессор Б. Ж. Усмамбетов.
Окуу куралы кыргыз тили жана адабияты боюнча адистерге, ЖОЖдордун студенттерине сунушталат.